АКШнын президенти Дональд Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялап, тиешелүү буйрукка кол койду.
Ал 1945-жылдын 8-майын, “Германиянын шартсыз багынып берген күнүнүн узак, ырайымсыз жана кандуу согуштун аякташынын башталышы” деп атап, АКШнын “күч аркылуу тынчтык” саясатына берилгендигин ырастады.
Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан америкалык лидердин билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги жазды.
Трамп союздаштардын фашизмди жеңгенин белгилеп, АКШ Экинчи дүйнөлүк согушта 250 миңдей кишисин жоготконун кошумчалаган.
“Эгерде америкалык жоокерлердин бул курмандыгы болбогондо, бул согушта жеңмек эмес жана биздин дүйнө бүгүн такыр башкача көрүнмөк”, – деген Трамп өз билдирүүсүндө.
Бирок ал совет элинин фашисттик Германияны талкалоого кошкон чечүүчү салымын эскерген эмес. Ошондой эле ал өзүнүн көп жылдар бою бүтпөй келе жаткан чет элдик согуштарды токтотууга жана жаңы жоготууларга жол бербөөгө умтулуп келе жаткандыгын кошумчалаган.
Эске сала кетсек, 2-майда Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына 11-ноябрь жана 8-майды АКШда Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардагы Жеңиш күндөрү деп жарыялай турганын жазган.


















