Америка Кошмо Штаттары Сириядагы аскердик катышуусун минималдуу деңгээлге түшүрүп, бир гана база калтырууну көздөп жатат.
АКШнын Түркиядагы элчиси жана өткөн айда Дональд Трамп тарабынан Сирия боюнча атайын өкүл болуп дайындалган Томас Барак түркиялык NTV телеканалына берген маегинде мындай деди: “Биздин учурдагы саясат 100 жыл мурдагыдай болбойт, анткени мурунку саясаттар натыйжа берген жок”.
Анын айтымында, АКШ Сириядагы сегиз аскердик базасынан акырында бир гана базаны калтырат.
Ал муну “жүзөгө ашып жаткан жараян” деп мүнөздөп, Вашингтондун аймактык өнөктөштөрү жаңы коопсуздук түзүмүнө катышышы керектигин белгиледи.
Барак өткөн аптада Сириянын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Ахмед Аль-Шараа (Абу Мухаммад аль-Жулани) менен жолугушкандан кийин, АКШ Сирияны башкарууну көздөбөй турганын, тескерисинче, жаңы өкмөттү колдоону жана кубаттоону каалайт деп билдирген.
Ал арада Fox News телеканалынын журналисти атын атабаган америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, АКШ Сириядагы эки аскерий базасын жаап, дагы бирин күрттөрдүн “Сирия демократиялык күчтөрүнө” өткөрүп бергенин маалымдады.
Журналист Дженнифер Гриффин X социалдык тармактагы баракчасында мындай деп жазды:
“Акыркы жума ичинде Сириядан болжол менен 500 америкалык жоокер чыгарылганын эки америкалык аткаминер Fox News телеканалына билдиришти. Үч америкалык база же “Сирия демократиялык күчтөрүнө” өткөрүлүп берилди, же болбосо жабылды. Анын ичинде толугу менен жабылган Mission Support Site Green Village жана “Сирия демократиялык күчтөрүнө” өткөрүлүп берилген Mission Support Site Euphrates бар. Америкалык аскерлер ошондой эле кыйла чакан үчүнчү форпосттон да чыгып кетишти”.
Пентагон апрель айында Сириядагы аскерлердин санын алдыдагы айларда миңден төмөн түшүрүүнү пландап жатканын ырастаган, бирок ошол эле маалда Сириядагы “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун калган жоочуларына каршы соккуларды улантарын билдирген. АКШ бийлиги Сириядагы аскердик катышууну кыскартуунун себебин коалициялык күчтөрдүн ИМ террордук уюмуна каршы күрөшүндөгү жетишкендиктер менен түшүндүргөн.
Буга чейин Трамптын администрациясы да Сириядагы АКШнын аскердик катышуусун кыскартуу ниетин билдирген. Трамп ошондой эле Сирияга карата мурдагы санкцияларды жокко чыгарган.


















