Урматтуу президент Садыр Жапаров жана премьер-министр.
Бул сүрөттө Бишкек-Ош жолундагы Токтогул суу сактагычын айланып өткөн жол көргөзүлгөн. Эгерде суу сактагыч аркылуу көпүрө салынса, картада көргөзүлгөндөй 68 км эмес, жол бир топко кыскармак. Жаңы жол болгону 9 эле км болмок. 6 км жол жана 3 км ге жетпеген көпүрө болмок.
Демек, жол 59 км.ге кыскармак. Муну менен күйүүчү майды эсептегенде эле, бир топ валюта өзүбүзгө калмак. Андан тышкары экология бузулбай, убакыт көп кетпей, ошол жолдо болуп жаткан авариялар да кыскармак. Мейли, айдоочулар ошол жолго акы төлөсүн, мисалга 200 сом. Ар кайсы булактардын айтымында, күнүнө (24 саат) 1000-2000 машиналар өтөт экен. Эгер 1000 эле машина өтсө айына 6 000 000 сом болот экен. Көпүрөнүн эки башына жакшы ашкана, эс алуучу жайлар түшмөк. Эмнеге мамлекет ушундай өзүн актаган проектилерди ишке ашырбайт? Бул Кыргызстан үчүн абдан жакшы болмок жана Сиздин президенттик мезгилиңизден эл үчүн эстелик болуп калмак. Интернет окурмандары да өз ойлорун бөлүшөт деген ойдомун. Сиздерди урматтоо менен дептир Алим Таштан.
Мен дагы ушул маселе ишке ашса деп үмүттөнөм, урматым сыйым менен Падышахан. Бул маселени биринчи жолу Акаевдин кезинде, студенттер көтөргөнбүз. Жеп тойбогон бийлик, акча бөлүнсө да жеп келе жатат, ушул күнгө чейин.
Чүнчүп миллиондогон эл каттайт, узун жолдордо. Эгемендүүлүктү көзгө басар, проекттерди аткарып, анан чардасак жакшы болмок. Акыры бийликтен ар бир президент кетет, артында күндө элден алкыш алган, чоң аткарылган иштери гана жашап калат. Президенттик шансты, үлгүлүү аз эле адам колдоно аларын, тарыхтар далилдеди.
Келечек муундар илгери илгери бизде Садыр Жапаров деген президент, ушул көпүрөнү салып берген экен дешип жашамак. Тем более өз чөнтөгүңүздөн салбайсыз, мамлекеттин эсебинен салынат, инвесторлор салат, колдоп гана кол коюп койуу кыйын эмес чыгар.
Бул көпүрө туристтик объект катары, өтө көркөмдөлүп салынсада болмок, ал жер өтө кооз, көп пайда түшүүчү жерге айланмак. Кытайда 1 ушундай көпүрө бар, бюджетке миллиондогон акча түшүрөт ар айда.
Теги эле Дж. Абад – Ош – Бишкек жолуна жогорку ылдамдыктагы, туристический темир жол керек, 50 минутта жеткире турган. Биз кыргыздар 8,12 саат кетиребиз, болбогон эле аралыкка. Ананайын саясатчылар дүйнөнү аралап чыккылачы, көзүңөр балким ачылат.
Падишахан Султаналиева,
(макала автордун Фейсбуктагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди).