Казакстанда жаңы өкмөттү түзүү аяктады. Көпчүлүк министрлер эски курамдан калышты.
Премьер-министр кызматына Олжас Бектенов дайындалгандан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен жаңы министрлер кабинети түзүлдү. Мамлекет башчынын тиешелүү жарлыгы Акордонун сайтына жарыяланды.
Казакстандын премьер-министрлик кызматына Олжас Бектеновдун талапкерлигин кечээ башкаруучу «Аманат» партиясы президент Касым-Жомарт Токаевге сунуштаган. Мамлекет башчысы Бектеновдун талапкерлигин парламенттин башка фракциялары менен талкуулаган. Бектеновдун талапкерлиги үчүн мажлисчилер добуш беришип, 69 депутат макул, 7 депутат калыс добуш берген.
Төрт министр алмашты:
- Алибек Куантыровдун ордуна вице-премьер-министр – Улуттук экономика министри болуп Нурлан Байбазаров дайындалды;
- Эрулан Жамаубаевдин ордуна Каржы министри болуп Мади Такиев;
- Саламаттыкты сактоо министри болуп Ажар Гинияттын ордуна Акмарал Алназарова дайындалды;
- Сырым Шарипхановдун ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаңы жетекчиси болуп Чингис Аринов дайындалды;
Калган Министрлер Кабинетинин курамы өзгөргөн жок.
- Роман Скляр — Биринчи вице-премьер-министр болуп кайра дайындалды;
- Галымжан Койшыбаев — Вице-премьер-министр – өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
- Серик Жумангарин — Вице-премьер-министр болуп калды;
- Мурат Нуртлеу — Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри кызматына кайрадан дайындалды;
- Тамара Дүйсенова — Вице-премьер кызматын сактап калды;
- Руслан Жаксылыков — Казакстандын коргоо министри болуп кайра дайындалды;
- Ержан Саденов — Ички иштер министрлигин жетектеп калды;
- Азамат Эскараев — кайрадан Юстиция министрлигине жетекчи болуп дайындалды;
- Алмасадам Саткалиев — Энергетика министринин кызматында калды;
- Айдарбек Сапаров — Айыл чарба министринин кызматын сактап калды;
- Багдат Мусин — Казакстандын санариптик өнүгүү министри болуп кайра дайындалды;
- Гани Бейсембаев — Агартуу министри болуп калды;
- Ерлан Нысанбаев — Экология жана жаратылыш ресурстары министри болуп кайра дайындалды;
- Нурбек Саясат — Илим жана жогорку билим берүү министри болуп кайра дайындалды;
- Нуржан Нуржигитов — Суу чарба жана ирригация министри болуп калды;
- Аида Балаева — Маданият жана маалымат министри кызматын сактап калды;
- Ермек Маржикпаев — Туризм жана спорт министри болуп кайра дайындалды;
- Марат Карабаев — Транспорт министри;
- Светлана Жакупова — Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри;
- Канат Шарлапаев — Өнөр жай жана курулуш министри болуп калды;
- Арман Шакалиев — Соода жана интеграция министри.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү, 5-февралда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.



















