Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзүнүн түрк дүйнөсүнүн руханий биримдигинин символу катары маанилүү ролун белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысы Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммити учурунда билдирди.
— Түркстан — биздин тарыхый борборубуз жана руханий таянычыбыз, «түрк элинин бешиги» жана «эки дүйнөнүн дарбазасы». Бул байыркы шаар ар дайым бардык түрк элдери үчүн ыйык очок болуп эсептелген. Түркстандагы Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзү руханий биримдиктин жана тарыхый улантуучулуктун символу болуп саналат, — деди Президент.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Кожа Ахмет Яссауи бир тууган элдердин дүйнөтаанымын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылткан.
— Ал адамдарды жакшылыкка, жаратуучулукка жана чынчылдыкка чакырган. Улуу ойчул ислам динин түрк элдеринин дүйнөтаанымы жана салттары менен айкалыштыра алган. Яссауи артына бай мурас жана баалуу эмгектерди калтырган. Анын даанышман ойлору жана хикметтери түрк элдеринин баа жеткис мурасы болуп саналат, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент Яссауинин идеялары бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин баса белгиледи.
— Ошондуктан биз Яссауинин гуманисттик идеяларына өзгөчө көңүл бурабыз. Азыр өлкөдө «Адал жаран», «Адилеттүү Казакстан», «Таза Казакстан» сыяктуу демилгелер ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Биздин негизги максатыбыз — улуттун сапатын жогорулатуу жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө. Бул масштабдуу иштин негизинде Яссауинин окуусу жатат, — деди Касым-Жомарт Токаев.



















