Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев — Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы кол башчысы — казакстандыктарды, ошондой эле офицерлерди жана жоокерлерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Kazinform Акордага таянып билдирди.
— Урматтуу казакстандыктар! Сиздерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм! Бул майрам өзгөчө мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ, ал биздин жоокерлердин эрдигин, кайраттуулугун жана өз жанын аябаган кызматын даңазалайт. Ал Мекенге кызмат кылып келген жана кызмат кылып жаткан бардык адамдарды бириктирет, тынч асманды, аймактык бүтүндүктү, туруктуулукту жана коопсуздукту күнү-түнү коргоп тургандарды бир максатка топтойт. Биздин жоокерлер жана командирлер баатыр ата-бабаларыбыздын даңктуу салттарын улантып, чыныгы патриоттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп келишет. Тынчтык орнотуу миссияларында, атайын машыгууларда, ар кандай эл аралык мелдештерде жоокерлер жана офицерлер, ошондой эле өлкөнүн бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери дайыма жогорку кесипкөйлүктү, тартипти жана даярдык деңгээлин көрсөтүп, эң татаал тапшырмаларды аткарууга даяр экенин далилдеп келишет. Мамлекет ар дайым коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого жана аскер кызматкерлерин ар тараптуу колдоого өзгөчө көңүл бурат, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент жаңы Конституцияда «Казакстан Республикасын коргоо — ар бир жарандын ыйык милдети жана парзы» деп так жазылгандыгын да белгиледи.
— Бул сөздөрдө өлкө менен элдин ажырагыс байланышы, ар бир жарандын Ата Мекендин тагдыры үчүн жоопкерчилиги терең камтылган. Мекенге кызмат кылуунун асыл идеалдарына жана прогрессивдүү конституциялык баалуулуктарга таянып, биз көп кылымдык мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, Адилеттүү, Күчтүү, Коопсуз Казакстанды куруу максатына жетебиз деп ишенем. Ата Мекенди коргоочуларга туруктуулугу, үлгүлүү кызматы жана антка берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирем! Бардык жарандарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалайм! Армия менен элдин ажырагыс биримдиги бекем болсун! Ыйык Эгемендүүлүгүбүз түбөлүк болсун! — деп жыйынтыктады Касым-Жомарт Токаев.
Мындан мурда президент Акордада Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Жеңиш күнү менен куттуктоо сөзүн сүйлөгөн. Касым-Жомарт Токаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарган. Өз сөзүндө мамлекет башчысы армияны заман талабына ылайык чыңдоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Токаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кенжебай Маденовго «Халық қахарманы» наамын ыйгарды.
Сүрөт: Акорда




















