Президент Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan маалымат каражатына берген маегинде Казакстандагы атомдук электростанция (АЭС) тууралуу айтты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайтынын кабарчысы билдирди.
Мамлекет башчынын айтуусунда, Казакстанга таза атомдук энергия өтө керек.
“Бул биздин экономика үчүн принципиалдуу маселе. Биз дүйнөдө табигый уранды өндүрүүнүн көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейбиз, бизде ядролук отунду өндүрүү үчүн өзүбүздүн өндүрүштүк компоненттерибиз бар. Ошондуктан мен биздин өлкөнүн аймагында АЭС куруу маселесине өзгөчө көңүл бурам. Канткен менен энергетикалык коопсуздук маселесин геосаясый көз караштан эмес, реалдуу керектөөдөн, албетте, илимий изилдөөлөрдүн негизинде чечүү керек”,- деди Токаев.
Президент өлкө жарандарынын арасында АЭСтин курулушуна сын көз караш менен мамиле жасагандар бар экендигин белгиледи.
“Бул толук түшүнүктүү, көпчүлүгү Семипалатинск ядролук полигонундагы сыноолордун трагедиялык кесепеттерин жакшы билишет. Мындан башка да эске ала турган башка да татаал учурлар бар, мисалы, долбоордун баасы, экологиялык жагдайлар.
Ошондуктан маселенин маанилүүлүгүн эске алып, АЭСти курууну жалпы элдик референдумга коюуну сунуш кылдым. Эл үчүн маанилүү болуп эсептелген көйгөйлөр референдум аркылуу чечилери мен 2019-жылы шайлоого барган платформада эле жарыяланган. Бул Адилет Казакстан принциби жана “уккан мамлекет” концепциясынын ишке ашуусу болуп саналат.
Алдыда бизди кеңири коомдук угуулар күтүп турат. Жарандар өздөрүнүн эркин пикирин билдирүүдө эксперттердин баардык аргументтерин карап жана талкуулап көрүү менен таразага салынган, ойлонулган чечим кабыл алышы зарыл. Бул элдин чечими болот”,- деп жыйынтыктады Мамлекет башчы.



















