Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөтүнө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин духунда жөнгө салууну тапшырды.
Бул тууралуу Sputnik Казакстан Акорданын маалымат кызматына шилтеме берип жазды.
Ошондой эле Токаев кыргыз тарап менен чек арадан товардын мыйзамсыз өткөрүлүшүн алдын алуу үчүн санариптештирүү жана автоматизациялоону активдүү киргизүү маселеси боюнча сүйлөшүүнү улантуу керектигин да белгилеген.
Эске салсак, 20-августтан баштап кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол”, «Чалдыбар-автожол», “Кен-Булун-автожол» жана «Чон-Капка-автожол» КӨЖда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
24-августта Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссисынын өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек — автожол» өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышышкан.