Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Тани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн Tengrinews.kz агенттиги Акордонун маалыматына таянып билдирди.
Казакстандын мамлекет башчысы Катарга чакырууну чоң канааттануу менен кабыл алгандыгын белгиледи. Президент өзүнүн бул өлкөгө алгачкы ирет жасаган мамлекеттик иш сапарынын өзгөчө мааниси бар экендигин айтты.
“Катар биздин ислам дүйнөсүндөгү маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы дем берүүнүн мезгили келип жетти деп эсептеймин. Казакстан жана Катардын ортосундагы өз ара кызматташууну толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууну сунуштаймын. Менин иш сапарымдын учурунда биздин кызматташтыгыбызга стратегиялык мүнөз бере турган маанилүү документтерге кол коюлат. Биз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге чоң маани беребиз, себеби Катар – биз үчүн өзгөчө мамлекет. Биз эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого баардык күч аракетибизди жумшоого даярбыз. Бизге көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирем”,- деди Касым-Жомарт Токаев.
“Урматтуу Президент мырза, Сиз өзүңүздүн биринчи расмий иш сапарыңызды биздин өлкөбүзгө жасап жаткандыгыңыз үчүн мен өтө ыраазымын. Бүгүнкү жолугушуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратат деп ишенем. Биз Астанада да жолугушканбыз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр бизге мурдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана келечекке план түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Биздин өз ара кызматташтыгыбыздын алкагында энергетикалык, соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Сиздин иш сапарыңыздын жүрүшүндө өтө турган ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар бул тармактардагы өнөктөштүктү алга жылдырууга мүмкүнчүлүк жаратарына ишенем”, – деди Эмир.
Белгилей кетүүчү жагдай, Касым-Жомарт Токаев учурда Катарда мамлекеттик иш сапар менен жүрөт. Казакстандын президентин аэропортто Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Тани тосуп алды.
Мындан мурда Президент Токаев казак-катар инвестициялык тегерек столуна да катышып, катар бизнесинин капитандары менен жолугушары маалымдалган.


















