Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Катарда Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиргенин иран ЖМКлары маалымдашты.
Гарибабадинин айтымында, Ирандын делегациясы Дохада 1-июнь күнү эртең менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Күн бою алар Катар жана Пакистандын ортомчулары менен үч тараптуу эки жолугушуу өткөрүштү. Андан кийин Ирандын тышкы иштер министринин орун басары сүйлөшүүлөр аяктаганын жарыялады.
Буга чейин бир катар ЖМКлары Дохада Катар менен Пакистандын ортомчуларынын катышуусунда АКШ менен Ирандын делегацияларынын ортосундагы кыйыр техникалык сүйлөшүүлөр башталганын маалымдашкан.
Казем Гарибабади ошондой эле үч өлкөнүн башкы сүйлөшүүчүлөрүнүн катышуусунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча топтун биринчи жыйыны болуп өткөнүн билдирди.
Анын айтымында, жыйында Иран тарап АКШнын меморандумдун биринчи пункту боюнча алган милдеттенмелерин бузганын, ошондой эле АКШнын аймактагы аскердик күчтөрүн жана техникаларын көбөйткөнү тууралуу маалыматтарды жана америкалык аткаминерлердин коркутуу мүнөзүндөгү, ички иштерге кийлигишкен билдирүүлөрүн көтөрүп чыкты.
Жыйынтыгында меморандумдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча топтун ыкчам байланыш каналы эртеңден тартып түзүлүп, меморандумдагы кемчиликтер расмий жана документтер менен бекемделген түрдө билдирилери, андан соң бул маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынары макулдашылды.
Катардын жетекчилери, айрыкча Борбордук банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда мурда бөлүнгөн 6 миллиард доллардын бир бөлүгүн пайдалануу маселеси талкууланды. Иран билдирген муктаждыктарга жараша керектүү товарларды сатып алып, өлкөгө жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Гарибабади кошумчалагандай, жолугушуулар бир гана ортомчулар аркылуу өткөрүлдү, Дохада ирандык жана америкалык делегациялардын ортосунда түз байланыштар болгон жок.
Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажид аль-Ансари өз кезегинде Дохадаus катарлык жана пакистандык ортомчулардын катышуусунда АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдө прогресске жетишилгенин билдирди.
Ал тараптар жакынкы аралыкта талкууларды улантууга макулдашканын жана кийинки жолугушуу АКШнын соккуларынан каза болгон Ирандын мурдагы Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин жакында боло турган сөөк коюу зыйнатынан кийин “мүмкүн болушунча тезирээк” белгиленерин билдирди.
Иран менен АКШ ок атууну 60 күнгө токтотуу меморандумга 18-июнга караган түнү аралыктан кол коюшкан. Анда 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандумда америкалык тарап деңиз блокадасын алып салары жана Иран Ормуз кысыгындагы кеме каттамын толук калыбына келтирери боюнча мөөнөттөр белгиленген. Бирок аймактагы чыңалуу дагы эле сакталып калууда. Келишим жетишилгенден кийин да тараптар сокку алмашышкан.

















