Катардын мурдагы башкаруучусу шейх Хамад бин Халифа Аль Тани 74 жашында каза болду. Ал Катарды 18 жыл башкарган жана 2013-жылы өлкөнү дагы эле башкарып жаткан уулу Тамим бен Хамад Аль Танинин пайдасына тактыдан баш тарткан.
Хамад шейхтин дүйнөдөн кайтышы өлкөнүн тарыхындагы маанилүү доорду эске салды. Ал 1995-жылы бийликке келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң өзгөрүүлөрдү алып келген.
Ал өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги эки таянычын — медиа жана экономиканы чыңдап, Катарды ири стратегиялык өзгөрүүлөрдүн жолуна салган. Натыйжада өлкө эл аралык аренада таасирдүү оюнчуга айланган. Кийинчерээк ортомчулук дипломатиясын өнүктүрүү аркылуу Катар дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы маанилүү саясий маселелерге активдүү катыша баштаган. Бул мамиле дүйнөлүк державалар, айрыкча АКШ тарабынан кубаттоого алынган.
Катардын таасиринин күчөшү коңшу өлкөлөрдүн жаш ханзаадаларынын кызганычын жараткан. Натыйжада 2017-жылы Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Бахрейн Катарга кеңири масштабдагы блокада жарыялаган. Бирок төрт жылга созулган бул кризис Катар аталган мамлекеттер койгон талаптарды кабыл албай эле аяктаган.
2011-жылы «Араб жазы» башталып, «Мусулман агайындар» кыймылы бир катар өлкөлөрдө бийликке келгенден кийин Катар Түркия менен бирге бул өзгөрүүлөрдүн жана жаңы өкмөттөрдүн негизги колдоочусуна айланган. Бул саясат Доханын аймактагы таасирин кыйла күчөткөн. Бирок кийинчерээк «Араб жазынын» толкуну басаңдап, «Мусулман агайындар» четтетилип, Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары өңдүү атаандаш мамлекеттердин позициясы бекемделгенден кийин Катардын тышкы саясаты көмүскөдө калып, аны тез арада кайра карап чыгып, мүмкүн болгон терс кесепеттерди азайтууга аракет кылган.
Бир кезде экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон Катар бүгүн дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарына кирет. Бүгүн катарлыктар өлкөнүн экономикасын түп-тамырынан өзгөртүп, мамлекетин дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бирине айландырган адамды акыркы сапарга узатып жатышат. Эл арасында ага «жакырчылыкты көмгөн адам» деген лакап ат ыйгарылган.
Автор: Сабер Гол Анбари


















