Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанадагы Иран Ислам Республикасынын элчилигине барып, президент Ибрахим Раиси жана делегация мүчөлөрүнүн каза болгондугуна байланыштуу иран элине көңүл айтып, колдоосун билдирди.
Бул тууралуу Акорда билдирди.
Токаев көңүл айтуу китебине кол тамга калтырып, Казакстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“Иран Иран Республикасынын президенти Ибрахим Раисинин жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнүн мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ибрахим Раиси – өз мекенине ишенимдүү кызмат кылган өз элинин улуу уулу. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого чоң салым кошкон акылман жетекчи, авторитеттүү саясатчы жана көрүнүктүү ишмер катары эсибизде түбөлүккө калат”, – деген жазуу калтырды.
Буга чейин Касим-Жомарт Токаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери менен жолугушууда Шанхай кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы – Казакстандын жана жеке өзүнүн атынан
Андан мурда Токаев Тегеранга көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, Казакстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеиге, биринчи вице-президент Мохаммад Мохберге көңүл айткан.
Казак лидери Раиси өмүр бою Иран мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылган, өз элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана аймактагы стабилдүүлүктү сактоо үчүн жан аябастан иштеген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болгонун белгилеп, Казакстанда Ибрахим Раиси жоопкерчиликтүү лидер, эл аралык деңгээлдеги абройлуу саясатчы, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө зор салым кошкон инсан катары ар дайым эсте каларын кошумчалаган.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан 19-майда авиакырсыкта каза тапкан. Алар жана делегация мүчөлөрү барткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн.
20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.
Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.
Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.

















