Аба ырайынын кескин салкындашынан улам республикабыздын тоолоруна кар жаап, унаа жолдордо жүрүү кыйынчылыкка учуроодо. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүүдө.
Жеринде №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.
Унаа кыймылына чектөөлөр жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат”,- деп айтылат аталган министрликтин билдирүүсүндө.
Кыргызгидромет борбору 20-22-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирген. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.