Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ Украинадагы элчиликтин маалыматына таянып, Киев облусунун аймагында пилотсуз учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалганын кабарлады.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Украинадагы жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, өзүнүн жарандардын байланышуусу үчүн Киевдеги элчиликтин ыкчам байланыш телефондорун көрсөткөн.
Себеби, АКШ президенти Жозеф Байдендин Украинаны алыска атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын түпкүрүнө сокку урууга уруксат бергенден кийин, Украинанын куралдуу күчтөрү Брянск облусундагы объектиге түн ичинде алты ATACMS ракетасы менен чабуул жасаган. Жабыркагандар жана кыйроолор бологон эмес.
Ошол эле күнү орус президенти Путин ядролук сокку уруунун сценарийлери кеңейтилген доктринага кол койгондугу боюнча маалыматтар тараган.
Ошондуктан Орусиянын Украинаны алыска атылуучу ATACMS ракеталарына каршы жооп катары ура турган соккусу боло турганы күтүлүп жаткан.
Орусия менен Украина жаңжалынын башталганына 1000 күн болду.


















