ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү, анын ичинде TikTok платформасынын ээси болгон ишкер Чжан Имин биринчи жолу Кытайдагы эң бай адам деп таанылды. Анын байлыгы 57,5 миллиард долларга жетти.
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги 27-мартта маалымдады.
Агенттиктин миллиардерлер индекси (Bloomberg Billionaires Index) боюнча, Чжан Имин Tencent Holdings компаниясынын тең негиздөөчүсү Пони Ма (56,6 млрд доллар) жана Nongfu Spring суусундуктарын чыгаруучу компаниянын башчысы Чжун Шаньшаньдан (54,1 млрд доллар) да бай болуп чыкты.
Мындан тышкары, Чжан Азиядагы эң бай адамдардын катарында үчүнчү орунду ээледи. Анын алдында индиялык ишкерлер Мукеш Амбани жана Гаутам Адани турат.
Bloomberg мындай ийгиликке төмөндөгүчө түшүндүрмө берди:
“41 жаштагы ишкер үчүн бул чоң жетишкендик. Себеби, ал АКШда TikTok’ко тыюу салуу коркунучу, ByteDance’ке болгон басым жана дүйнөдөгү эң ири музыкалык лейблдин платформадан убактылуу чыгышы сыяктуу кыйынчылыктарга карабай, байлыгын көбөйтө алды.”

















