The Telegraph басылмасынын маалыматына караганда, Израил Иран алты ракета менен өлкөнүн беш аскердик объектисине сокку урганын жашырган. Бул объекттердин арасында авиабаза, чалгын маалыматтарын жыйноочу борбор жана логистикалык база болгон. Маалыматты АКШдагы Орегон университетинин илимпоздору сунуштаган спутниктен алынган радардык маалыматтар тастыктаган.
Газетанын жазышынча, Израилдин абадан коргонуу системасын Иран ракеталар менен дрондорду биргелешип колдонуунун аркасында жара алды. Иран тарап дагы 36 ракета менен израилдик абадан коргонуу (ПВО) системасын бузуп өтө алган.
Израил армиясы (ЦАХАЛ) басылмага соккулар тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Алар: «Операция учурунда бардык тиешелүү бөлүктөр иштөөсүн улантты», — деп гана билдиришкен.
Израил журналисттеринин айтымында да аскердик объекттерге бир нече жолу сокку урулган. Маселен, “13-каналдын” журналисти Равив Друкер «азыркыга чейин айтылбаган көптөгөн соккулар болгонун» билдирген.
Ирандык булак басылмага маалымдагандай, дрондор менен ракеталардын бир убакта учурулушу израилдик абадан коргонуу системасын адаштырган. «Камикадзе-дрондордун негизги максаты — коргонуу системаларын дайыма иштетип, чарчатып туруу. Алардын көпчүлүгү максатына жетпей, асмандан кармалып калса да, системага башаламандык киргизет», — деп айткан ал.
The Times басылмасы болсо Израил Иранга каршы операцияны 15 жыл бою даярдаганын билдирген.
Израил менен Ирандын ортосундагы кагылышуу 13–24-июнь күндөрү болгон. Ал Израил тараптан Иранга аба соккуларын жасоо менен башталып, Ирандын ракеталык жооп соккуларына алып келген. Эки тараптан тең каза болгондор жана жаракат алгандар бар.
22-июнга караган түнү АКШ да согушка аралашып, мунун арты менен Иран Катардагы америкалык аскердик базага сокку урган.
Израил жетекчилиги бул аскердик операцияны Ирандын өзөктүк куралга жакындап калуусу жана ракета топтоосу менен түшүндүргөн. Ал эми Тегеран өзөктүк курал даярдап жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, тынчтык атомдук энергетиканы өнүктүрүү укугун баса белгилеп келет.
















