“Ирандын темир жолдор багыты – Чыгыш жана Батыш Азияны бириктирүүчү көпүрө, ошондой эле Европа менен Азиянын эки континентинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүү чекити катары каралат”.
Бул тууралуу Ирандын темир жолдорунун башчысы Сейд Мияд Салехи Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн темир жол ведомстволорунун жетекчилеринин 15-жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Жыйынга Иран, Түркия, Пакистан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын темир жол ведомстволорунун жетекчилери катышты.

Жолугушуу курман болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахианды жана алар менен бирге тик учакта болгон делегациянын мүчөлөрүн бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
«Биз ЭКУга мүчө өлкөлөр аздыр-көптүр жалпы тарыхый жана маданий мурастары бар дүйнөнүн эң сезимтал аймактарынын биринде жайгашканын билебиз. Биздин уюм – жалпы калкы 500 миллиондон ашык адамды жана 8 миллион чарчы километр аймакты түзөт. Бул бизге дүйнөнүн экономикалык уюлдарынын бири болууга мүмкүндүк берет”, – деди Салехи жыйынды ачып жатып.
Ушуга байланыштуу анын айтымында, Иран Борбор Азияны дүйнөнүн башка аймактары, Европа жана Батыш Азия менен байланыштырган эң кыска жол боло алат.
«Бул жагынан алганда, Иран товарларды ишенимдүү жеткире турган коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап бере алат. Региондун эл аралык темир жол коридорлорунун көбү Ирандын темир жол каттамы аркылуу өтөт, анын ичинде төмөндөгүдөй бир нече коридорго бөлүнөт:
“Түндүк-Түштүк, Алматы-Стамбул-Тегеран, Алматы-Бандар Аббас, Исламабад-Тегеран-Стамбул (ITI), Казакстан-Түркмөнстан-Иран (KTI), Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан-Иран (КТАИ) жана Тажикстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия”, – деди ал.
Буларга кошумчалап, Иран чек арадан өтүү операцияларын жөнөкөйлөтүү менен логистикалык борборлорду бекемдөө аркылуу жашыл коридорлорду өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүп, транзиттик жана эл аралык жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулата турганын белгиледи.
«Биздин жумуштардын күн тартибинде – Жибек Жолунун темир жол каттамдарын ишке киргизүүнү жандандырып, түштүк коридор аркылуу Кытайдан Иранга жана биз аркылуу Европага поезддерди үзгүлтүксүз каттатуу ишин жүзөгө ашыруу бар. Жакында Кытай, Казакстан жана Ирандын темир жолдору менен Кытайдан Иранга контейнердик поезддердин тарифи боюнча макулдашууларга жетишилди жана биз болжол менен бир айдан кийин Иранга үзгүлтүксүз жүк ташуучу поезддердин каттамдарын калыбына келтиребиз деп үмүттөнөбүз», – деди Салехи.
Сөзүнүн аягында ал Тегеран темир жол транспортун деңиз жолдору менен атаандаштыкка жөндөмдүү кылып, эки тарапка каттамдарды ишке ашырууга умтулуп жатканын белгиледи.


















