Үчүнчү күн катары менен уланган Тель-Авивдеги нааразылык акциясында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар орун алганын “Едиот ахронот” басылмасы маалымдады.
3-сентябрда Тель-Авивде үчүнчү түн катары менен массалык демонстрациялар уланып, миңдеген адамдар өкмөттү Газа тилкесиндеги барымтадагыларды үйлөрүнө кайтара турган ок атышууну токтотуу боюнча ХАМАС менен келишимге макул болууну талап кылуу үчүн көчөгө чыгышкан.
Нааразылык акциялары израилдик күчтөр Газада барымтага алынган алты киши каза болгондугун билдиргенден кийин башталган.
Көптөгөн израилдиктер барымтадагылардын өлүмүнүн көбөйүшү үчүн премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну айыптап, калган барымтадагыларды бошотуу үчүн ок атышууну токтотууга чакырышууда.
1-сентябрда өткөн массалык нааразычылык акциясында көптөгөн демонстранттар колдоруна барымтадагылардын сүрөттөрүн кармап чыгышып, демонстранттардын айрымдары министрлер кабинетинин отставкага кетишин жана Израилде тез арада мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Жекшемби күнкү нааразылык акциясы башталганга чейин барымтадагылардын туугандарынын бир тобу шаардын чыгышындагы “Аялон” шоссесинде кыймылды кыска убакытка жаап салышкан.
Барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимди тез арада түзүү талабы менен массалык демонстрациялар Иерусалимдеги Кнессеттин (Израиль парламентинин) имаратынын жанында да өткөн.
Ушундай эле акциялар башка бир нече шаарларда, атап айтканда, Реховотто өтүп, бир нече миңдеген демонстранттар шаардын негизги көчөсүн бойлой унаа кыймылын жаап алган.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 250дөй кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганын билдирген. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин Газадагы абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.
Өткөн жылдын ноябрь айында Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо келишими учурунда барымтадан 105 адам куткарылган. Алар Израилдин түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан палестиналыктарга алмаштырылган.
Израилдин маалыматы боюнча, азыркы тапта Газада 101 киши барымтада калууда.
Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 40 738ге жетип, жаракат алгандардын саны 94,1дөн ашты.

















