Россия менен Ирандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны 16–18-февралда Тегеранда өтөт. Бул тууралуу РФтин Энергетика министрлиги маалымдады.
«Сергей Цивилёв Россия–Иран соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча туруктуу комиссиянын орус бөлүгүнүн жыйынын өткөрдү… Иш-чара Россия–Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 19-жыйынына даярдыктын алкагында өткөрүлдү. Ал жыйын 16–18-февралда Тегеранда өтөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Цивилёв белгилегендей, татаал кырдаалга карабастан, Россия Иран менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү пландарына берилген бойдон калууда. «Россия–Иран мамилелерин өнүктүрүү боюнча ишибиз улантылууда, өкмөттөр аралык комиссиянын пландалган иш-чаралары белгиленген график боюнча өткөрүлөт», — деп анын сөзүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы келтирди.


















