Ирандын тышкы иштер министри ядролук сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башка тарап өз ара пайдалуу келишимге даяр болгондо гана мүмкүн болорун айтты. Ал ошондой эле Европа өз ролун ойноону кааласа, коркутуулардан баш тартышы керек экенин белгиледи.
Бул тууралуу Иран ТИМнин башчысы Аббас Аракчи «Х» социалдык тармагындагы баракчасына жазды:
«Кечээ кечинде мен ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана ЕБнин адам укуктары боюнча өкүлдөрү менен биргелешкен телеконференция өткөрдүм. Анда төмөнкү ойлорду так билдирдим:
«АКШ 2015-жылы ЕБ тарабынан макулдашылган эки жылдык келишимден чыккан, Иран эмес; ушул жылдын июнунда сүйлөшүүлөрдү таштап чыгып, аскердик жолду тандаган да Иран эмес, дал ошол АКШ болгон.
Ядролук сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башка тарап адилеттүү, тең салмактуу жана өз ара пайдалуу келишимге даяр болгондо гана мүмкүн.
Эгерде ЕБ/Е3 өз ролун ойнойбуз десе, анда алар жоопкерчиликтүү кадамдарга баруусу жана эскирип бүткөн коркутуу, басым көрсөтүү саясаты, анын ичинде «каршылык чаралары» сыяктуу аракеттерден баш тартуусу керек. Анткени аларда мындай аракеттер үчүн моралдык да, укуктук да негиз жок», — деп жазды Аракчи.
Буга чейин Иран менен дүйнөлүк державалардын ортосунда 2015-жылы жетишилген ядролук келишимден АКШ 2018-жылы чыгып кеткен. Ал эми 2025-жылдын июнунда сүйлөшүүлөр токтоп калган.

















