Иран шейшемби күнү Израилге жасаган чабуулдун жүрүшүндө өзүнүн жаңы ракетасын колдонду. Бул ракета Израил аскерлери тарабынан бутага тийгенге чейин байкалбай калган.
Бул тууралуу Ирандын Коргоо министрлиги билдиргенин Tasnim агенттиги маалымдайт.
«Бүгүн куралдуу күчтөрдүн сионисттик режимге каршы чабуулу учурунда жаңы ракета колдонулду. Сионисттердин айтымында, алар бул ракетаны бутага урганга чейин такыр байкашкан эмес», — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

















