Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий иш сапар менен Тажикстанга барат.
Иш сапар Тажикстандын ТИМ жетекчиси Сирожиддин Мухриддиндин чакыруусу боюнча болорун Тажикстандын тышкы иштер ведомствосунун маалымат кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, кытайлык башкы дипломат Тажикстанда 17-18-май күндөрү болот.
Иш сапардын алкагында Ван И тажик тарап менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүүнү талкуулоосу күтүлүүдө.
Ван Инин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусу, ошондой эле Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Иш сапардын маанилүү учурларынын бири тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык Программасына (2024-2025-жылдарга) кол коюу болмокчу.



















