Тажикстан менен Кытай электромобилдерди чыгара турган биргелешкен ишкана түзүшөт. Бул туурауу парламенттин Жогорку палатасынын басма сөз кызматы маалымдаганын Sputnik Тажикстан жазды.
Тиешелүү келишимге Тажикстан парламентинин төрагасы Рустам Эмомали Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Пекинде кол коюлганы белгиленди.
Тажикстандын «Авесто Групп» компаниясы менен Кытайдын «Цзиньчуань» компаниясы 25 миллион долларлык документке кол коюшкан.
Тажикстанда ачыла турган ишканада жылына 1,5 миң унаа чыгарылып турат.
Буга чейин Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир республикада биринчи жолу электромобилдерди чыгарууну уюштуруу пландалып жатканын, Кытай жана Түштүк Кореянын компаниялары менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Ал мындай өндүрүш үчүн өлкөдө зарыл болгон чийки заттын 90%га жакыны, атап айтканда алюминий, литий, никель, күмүш бар экенин жана бул «долбоорду баштоонун пайдасына чечүүчү аргумент» экенин белгилеген.
Эске салсак, Тажикстан парламентинин төрагасы Рустам Эмомали Кытай Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзинин чакыруусу менен Пекинде жүрөт.
Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Кытай Эл Республикасынын Вице-төрагасы Хан Чжэн, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Хэ Лифэн жана шаар мэри Ин Юн менен жолугушту.


















