Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде 133 миң кишилик эң чоң мечит ачылды. Мечит 12 гектар жерди ээлеп турат.
Мечиттин ачылышына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбеге эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган Катардын эмири Шейх Тамим ибн Хамад Аль Тани катышты.
Жаңы борбордук мечитте бир эле маалда 133 миң киши намаз окуй алат – 43 миңи ичинде, калганы анын айланасында. 12 гектар жерди ээлеп турган мечит 65 метрлик төрт мунарадан жана 47 метрлик башкы куполдон турат.
Анда намаз окуучу жайы, китепканасы, музейи жана жыйындарды өткөрүү залы бар.
Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстандагы эң чоң мечиттин долбоору 100 миллион долларга бааланып, анын 70% Катар, калганын тажик өкмөтү бөлгөн.
Мечиттин курулушу ханафи мазхабынын негиздөөчүсү имам Абу Ханафинин 1 310 жылдыгы белгиленген 2009-жылы башталган.