Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Ташкентте өтүп жаткан энергетикалык форумда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов билдиргенин “Sputnik Өзбекстан” жазды.
Бул долбоор 2024-жылдын май айында ишке ашып калышы мүмкүндүгү белгиленди.
Буга чейин Тажикстандын Энергетика министрлигинин башчысы Далер Жума республиканы 2024-жылдын апрель айына карата долбоорго киргизүүнү болжолдогон.
Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакеги региондун өлкөлөрүнүн калкы үчүн маанилүү глобалдык масштабдагы стратегиялык объект деп аталат. Советтик жылдардагы структура электр энергиясына жана сууга болгон керектөөнүн сезондук өзгөрүшүн тоо дарыяларынын деңгээлинин өзгөрүшү менен балансташтырууга мүмкүндүк берген.
Шарттар жөнөкөй болгон, мисалы: Казакстан менен Өзбекстан айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын суусуна көз каранды болгон, бул үчүн акыркы эки өлкө ГЭСтерди толук кубаттуулукта иштеткен эмес. Ал эми өз кезегинде коңшулар Тажикстан менен Кыргызстанга мунай, газ жана көмүрдү жеңилдетилген баада жеткирип турган.
Белгилей кетсек, Борбордук Азиянын энергошакекчеси Советтер Союзу учурунда электр энергиясын эффективдүү пайдалануу максатында түзүлгөн. Башында анда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан тышкары Түркмөнстан менен Тажикстан дагы бар эле. 1990-жылдары Түркмөнстан бөлүнүп чыгып, өзүн толугу менен автономдуу электр энергиясы менен камсыздап алган. Андан кийин Тажикстан өз алдынча болууну чечкен.
Энергетикалык шакекче 500 киловольттук линиядан туруп, бир учурда 740-750 мегаватт кубаттуулукту өткөрөт. Мындан көбөйүп кеткен учурда автоматтык түрдө өчүп же айрым станциялары иштен чыгат.
Учурда Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан кирет. Бирок бул чөлкөмдөгү дагы эле бирдиктүү саясий жана экономикалык биргелешкен борбор жок. Ошондой эле эгемендүү мамлекеттердин, анын ичинде энергетика тармагындагы кызыкчылыктар көп учурда бири-бирине карама-каршы келип калып жүрөт.



















