Тажикстан Иран менен мамилени тереңдетүүгө кызыкдар.
Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушууда билдиргенин тажик президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ирандын биринчи вице-президенти Душанбеге расмий сапары менен жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча биринчи эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген.
Маалыматка караганда, тараптар өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентинин расмий сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты ар түрдүү тармактарда бекемдөөгө багытталган төрт жаңы документке кол коюлду.
Тараптар ошондой эле биргелешкен декларацияга кол коюшту, анда алар стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүү ниетин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кол коюлган документтер:
- Тажикстандын Инновация жана санариптик технологиялар агенттиги менен Ирандын Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму. Документ Душанбе шаарында Иран-Тажик технологиялык борборун түзүүнү карайт;
- “Барки Точик” ААКсы менен “Сангтуда-Сангоб” ГЭС долбоорунун башкаруучу компаниясынын ортосундагы электр энергиясын жеткирүү келишимине №2 кошумча макулдашуу, бул эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунда дагы бир кадам болот;
- Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги менен Ирандын Кооперация, эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин ортосунда эмгек жана ишке орноштуруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум. Документ кесиптик билим берүү жана социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашууну камтыйт;
- “Рохи Охани Тажикстан” мамлекеттик унитардык ишканасы менен Иран темир жолдорунун ортосундагы темир жол кызматташтыгы жөнүндө меморандум. Ал Тажикстандын темир жол каттамдарында ирандык вагондорду колдонууну карайт.

















