24-декабрда, Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасында тажик чек арачылары менен “Ооганстандан өлкөгө кирип келген үч террористтин” ортосунда куралдуу кагылышуу болгонун Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып билдирди. Башка маалымат каражаттары кагылышуу ооган аткезчилери менен болгонун жазышты.
Тажик бийлигинин билдирүүсүнө караганда, куралчан топ 23-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30да өлкө аймагына кирип келген. Алар эртеси, 24-декабрда саат 11:15те аныкталган.
Тажикстандын чек ара кызматы маалымдагандай, чек арачылар террорчулардан багынып берүүнү талап кылышкан, бирок алар буйрукка баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Алар чек ара бекеттеринин бирине кол салууну пландаштырган.
Атышуу учурунда үч афган согушкери жана эки тажик чек арачысы каза болду. Куралчан адамдардан М-16 үлгүсүндөгү үч мылтык, Калашников автоматы, үн баскычтары бар үч тапанча, 10 кол гранатасы, түнкү көрүүчү прицел, жардыруучу заттар жана башка ок-дарылар табылган.
Учурда Афганистан–Тажикстан чек арасындагы абал туруктуу жана көзөмөлдө, деп билдиришти чек ара кызматкерлери.
Тажикстан Афганистан менен төрт жаңы чек ара бекетин ачты
Куралдуу кагылышуу болгон күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Афганистан менен чектеш аймакта жайгашкан төрт жаңы чек ара заставасынын ачылышына онлайн форматта катышты. Ошондой эле чек арадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан «Харбмайдон» аскердик полигонунда танкодром ишке берилди.
Президенттин расмий сайтында билдирилгендей, бул заставалар мурда жетиштүү деңгээлде корголбогон, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда курулган.
Душанбе: акыркы бир айда чек арада үчүнчү жолу куралдуу кол салуу катталды
Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, соңку бир айдын ичинде афган согушкерлери чек арада үчүнчү жолу ок чыгарды. Ноябрь айынын аягында Тажикстан аймагына Афганистан тараптан эки жолу ок атылган. Анын кесепетинен Кытайдын беш жараны каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.
Тажик бийлиги Афганистанда бийликте турган “Талибан” кыймылын эл аралык милдеттенмелерди аткарбай, чек ара коопсуздугуна жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айыптады. Душанбе Кабулдан кечирим суроону жана чек араны коргоо боюнча кошумча чараларды күтүүдө.
Тажикстандын чек ара аскерлери Афганистан аймагынан куралчан топтордун өтүшүнө жол бербөө үчүн “Талибандан” конкреттүү чараларды күтүп жатканын билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКларда Тажикстан эки окуядан кийин Афганистан менен чек араны кайтаруу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) жардам сураган деген маалыматтар чыккан. Бирок ЖККУнун басма сөз кызматы бул билдирүүлөрдү четке какты.


















