Тажикстан менен Иран биргелешкен технопарк түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.
Мындай пландарды Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир менен Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хушруди талкуулашты.
Тажикстандын Өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Тегеранда Ирандын жетинчи экспорттук потенциалы “ran Expo 2025” көргөзмөсүнүн алкагында өтүп, бул жерге министр баштаган тажик делегациясы келген.
Шерали Кабир Тажикстандын аймагында ирандык инвестициялардын жана технологиялардын катышуусунда индустриалдык парк түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулап, өнөр жай кооперациясынын келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Маалыматта белгиленгендей, Ирандын өнөр жай компаниялары Тажикстандагы өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырылды.
Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата Тажикстан менен Ирандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 378 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге өскөн.
Ал эми 2025-жылдын биринчи кварталында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 43%га өсүп, 111 миллион долларды түздү.
Тегерандагы “Iran Expo” эл аралык көргөзмөсү 28-апрелден тарта 2-майга чейин созулат.



















