2023-жылдын декабрь айынын башында Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы бешинчи базардын иши жанданды.
“Шохон” базары Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин району менен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Хохон району чектешкен аймакта жайгашкан.
Сентябрдын башында Хорог шаарынын Тем кичирайонунда, Тоолуу Бадахшандын Дарваз, Ванж жана Ишкашим райондорунда чек ара базарлары ишин жанданткан.
Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы чек ара базарлары эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде 2006-жылы ачылган. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда жана 2021-жылы Ооганстанда радикалдык “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин чек ара базарлары жабылган.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл август айында Хорогго болгон сапарында чек ара базарларын ачуу чечимин жарыялаган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын 11 айында Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жүгүртүү 85,5 миллион долларды түздү. Товар жүгүртүүнүн 99% Тажикстандан Ооганстанга жөнөтүлгөн өнүмдөр, негизинен электр энергиясынын экспорту түзөт. Тажикстан мындан тышкары бул өлкөгө цемент жана тамак-аш азыктарын экспорттойт.



















