Түркиянын биринчи гиперүндүү ракетасы болгон “Tayfun Block 4” баллистикалык ракетасы Стамбулдагы IDEF 2025 эл аралык курал көргөзмөсүндө көрсөтүлдү. Анын узундугу болжол менен 10 м, диаметри 938 мм.
Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
“Tayfun′дун” бул жаңы версиясынын салмагы 7 тоннадан ашат жана көп максаттуу дүрмөткө ээ. Ал бир нече жүз километр аралыкта абадан коргонуу системалары, башкаруу борборлору, ангарлар жана маанилүү аскердик объектилер сыяктуу бир нече стратегиялык буталарды жок кылууга жөндөмдүү болот”, – деп билдирди “Roketsan” ракеталык куралдарга адистешкен түрк аскердик-өнөр жай компаниясы.
“Tayfun′дун” базалык версиясы биринчи жолу 2022-жылы сыналган. Катуу отундуу ракетанын учуу алыстыгы 560 километрден ашат деп айтылган. Эксперттердин айтымында, “Tayfun′дун ылдамдыгы 5 Махтан ашат.



















