Ташкенттеги өнөр жай кампасында 28-сентябрга караган түнү катуу жарылуу болуп, өрт чыкты.
Жарылуунун толкунунан жана өрттөн улам кампанын айланасындагы бир үйлөргө, имараттарга жана унааларга зыян келтирилген. Өрттүн аянты болжол менен он миң чарчы метрди түзгөн.
Кырсыктан бир өспүрүм каза болуп, дагы 162 адам жаракат алды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 24 адам ооруканага жаткырылды.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Discussion about this post