Атлган эстеликти ачуу иш чарасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Сони катышышты.
Жакында Ташкент шаарынын эл аралык ишкерлик борборунун аянтында эл аралык коомчулуктун коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракетин символдоштурган эстеликтин ачылуу иш чарасы болду.
Бул иш чарага БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Александр Зуев жана чет мамлекеттердин расмий өкүлдөрү катышты.
Бул адамдын колу ачылган формадагы он эки метрлик композиция акыйкаттыктын, таза иштердин жана ага умтулуунун, коррупция менен келише албастыктын жана дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнө аны менен күрөшүүдө биригүүнү символдоштуруп турат.


















