Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 30-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ташкентте Израилдин элчилигин өрттөөгө аракет кылган студент 5 жылга камалды

  • Өзбекстан
  • 13.05.2024 11:31

Loading

Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин 2-курсунун студенти Ташкенттеги Израилдин элчилигине келип, дубал аркылуу керосин куюлган бөтөлкөнү ыргыткан жана өрттөөгө аракет кылган. 

Соттун документине ылайык, 2004-жылы туулган, Фергана облусунан келген Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин 2-курсунун А. А. аттуу студенти 2023-жылы 19-октябрда таңга маал Израилдин элчилигине өрт коюуга аракет кылган.

Ошол күнү, таңкы саат 4:30да жаш жигит спорттук сумкага керосини бар бөтөлкөнү, гантелди, эки куту ширеңке жана кездеменин бөлүгүн салып, велосипед менен элчиликке келген. Ошол учурда анын аракети аймакка жакын жайгашкан Яккасарай райондук РИИБнин кызматкерлеринин көңүлүн бурган.

Тема боюнча

Швейцария Гүлнара Каримованын мыйзамсыз активдеринен дагы 252,5 миллион долларды Өзбекстанга кайтарат

Швейцария Гүлнара Каримованын мыйзамсыз активдеринен дагы 252,5 миллион долларды Өзбекстанга кайтарат

25.11.2026

РИИБнин кызматкерлери жаш жигиттен токтоону суранышканда, ал велосипед менен качууга аракет кылган. Андан ары милиция кызматкерлери анын артынан машина менен барышып, тактотушкан жана РИИБге алпарышып, сумкада эмне бар экендигин көрсөтүүнү сурашкан. Ошондо жаш студент өз оюн ишке ашыруу үчүн милиция кызматкерлерин алагды кылып, колуна ичине керосин куюлган айнек бөтөлкө менен гантелди кармап, элчиликтин имаратын көздөй чуркаган.  Имаратты кайтарган РИИБ менен Улуттук гвардиянын кызматкерлери жаш жигитти элчиликке кире бериш жерде кармашкан. Анткен менен ал колундагы бөтөлкө менен гантелди элчиликтин дубалы аркылуу короосуна ыргытканга жетишип калган.

А.А. сотто берген көрсөтмөсүндө 2023-жылдын сентябрынын ортосунда Газа секторундагы Израиль менен Палестинанын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын видеосун көрө баштагандыгын жана ошондон тартып Израилди жеке көрүп, бул мамлекеттин Ташкенттеги элчилигин өрттөө чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

«Алгач мен элчиликтин ички короосуна дубал аркылуу керосин куюлган бөтөлкөнү ыргытууну каалагам. Андан соң гантелге оролгон кездемеге керосин куюп, сынган бөтөлкөнүн ордуна ыргытып, элчиликке өрт коюуну пландаштырганмын.

Менде адамдарга же элчиликке зыян келтирүү максатым болгон эмес, болгону Израиль Палестинадагы оорукананы бомбалагандыгы үчүн каршы пикиримди билдиргим келген. Мен бул аракетим туура эмес болгондугун түшүндүм», — деп айтты ал сотто берген көрсөтмөсүндө.

Яккасарай райондук кылмыш иштери боюнча сотунун чечими менен ушул жылдын 19-апрелинде А. А. ККнын 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Террорчулук) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Израил-палестина жаңжалыИзраиль-палестина согушуӨзбекстан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«Талибан» жакында Амударыядан суу ала баштай турганын билдирди

«Талибан» жакында Амударыядан суу ала баштай турганын билдирди

27.11.2026
Швейцария Гүлнара Каримованын мыйзамсыз активдеринен дагы 252,5 миллион долларды Өзбекстанга кайтарат

Швейцария Гүлнара Каримованын мыйзамсыз активдеринен дагы 252,5 миллион долларды Өзбекстанга кайтарат

25.11.2026
Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

24.11.2026
Өзбекстан Сибирь дарыяларынын суусун бурууну пландаштырууда

Өзбекстан Сибирь дарыяларынын суусун бурууну пландаштырууда

24.11.2026
Мурунтау: планетадагы эң ири алтын кенинин түзүлүшү жана иштөө тартиби

Мурунтау: планетадагы эң ири алтын кенинин түзүлүшү жана иштөө тартиби

24.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.