Бүгүн, 17-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев интернет тармагындагы блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды.
Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору бааларын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты.
Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады.
Ташиев блогерге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.
Эскерте кетсек, Разгоняев А.В соцтармактагы баракчаларында кыргыз тилинде ишмердүүлүк кылат.
Эске салсак, буга чейин блогер соцтармактагы баракчасынан президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасап, алардын командасы Кыргызстанга чоң пайда тийгизе турган эки долбоор даярдашканын айтып, аларды кабыл алуусун өтүнгөн.
@tolik_kyrgyz10999855012