Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды утту.
30-апрелде Ташкент шаарында башталган таймаш 14-майда соңуна чыгат.
Кыргызстандык мушкер турнирде 57 кг чейинки салмак ченде күч сынашты.
Ал 1/32 финалдан баштап, алгач Пуэрто-Рикалык спортчуну жеңип, 1/18 финалда таиланддык мушкерди, чейрек финалда мексикалык спортчуну уткан. Ал эми жарым финалга өтүү үчүн тажикстандык Асрор Вахидов менен беттешип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш кыргызстандык боксчуга берилген.
Финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешешип, утулуп калды.
Аталган биринчиликке Кыргызстандан 13 спортчу барган.