Танкердик жүк ташууларга болгон тарифтер 2023-жылдан бери эң жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.
Бул өсүш АКШнын Иранга жасаган соккуларынан кийин Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнүн бирден-бир натыйжасы болуп калды. Эми кеме ээлери Перс булуңундагы портторго кирүү үчүн мурдагыга караганда кыйла жогору төлөм талап кыла башташты. Маселен, эки миллион баррел чийки мунайды Жакынкы Чыгыштан Кытайга ташыган супертанкер үчүн базалык ставка 12 пайызга өстү.
Ошол эле маалда Аскердик-деңиз жана соода кемелери ортосунда байланыш түзүп турган Бирдиктүү деңиз маалымат борбору (JMIC) кеме жүрүшү үчүн коркунучтардын жогорулагандыгын билдирди.



















