Калптын казаны кайнабайт.

Буга чейин Токмок шаарынын жанында жайгашкан “Гавайи” эс алуу жайын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тартып алыптыр деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Ал маалыматты жакында Ош облусундагы Кара-Суу базарын УКМК төрагасынын уулу Таймурас Ташиев “басып алыптыр” деген имиш кеп толуктады.

Мындан улам биз аталган базар жана эс алуу жайларынын жетекчилиги менен байланышып, маалыматтын чын-бышыгын тактоону туура көрдүк.

Нурбек Эргешов, Кара-Суу базарынын жетекчиси:

“Таймурастын кандай тиешеси бар, аны көргөн да эмесмин, тааныбайм да”
– Бул базар мамлекеттики. Таймурастын ага кандай тиешеси бар? Кантип тартып алышы керек эле? Аны көргөн эмесмин, тааныбайм дагы.

Негизи Кара-Суу базары 1984-жылы мамлекеттин эсебинен курулган, мамлекеттикки болчу. Кийин, 1996-жылдары кандайдыр бир жолдор менен жеке менчикке өтүп кеткен. 1998-жылдан тартып жасалма мамлекеттик актылар чыккан дагы, анын негизинде айрымдар базарды басып алышкан. 2022-жылы кайрадан мамлекеттин карамагына өттү. Мен жана менин юристим аракет кылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна каттоого алдырганбыз. 2022-жылдын 15-апрелинде мамлекетке караштуу базарга айланып, ошондон бери мамлекеттики эле болуп келатат. Жетекчиликке 2022-жылдын январь айында дайындалгам. Ошондон бери базар тууралуу көптөгөн имиш кептер чыкты.

Бирде базар Раимбек Матраимовдуку экен дешсе, кайра Равшан Сабировго карайт экен деп да чыгышты. Эми силер “Таймурас Ташиев тартып алыптыр го” деп жатасыңар.

Эч ким тартып алган жок, мамлекеттин базары бойдон иштеп жатат. Биз азыр 1998-жылдан баштап жасалма мамлекеттик актылар менен жеке менчикке берилип кеткен жерлерин кайра алып жатабыз. Дагы 7 гектары боюнча иш бир жарым жылдан бери соттун кароосунда, сот процесси жүрүүдө. Ошондуктан кимдир бирөө тартып алды, кимдир бирөөгө караштуу экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Кайрат Абдуллаев, “Гавайи” эс алуу борборунун ээси:

“Гавайи” баштагыдай эле Абдуллаевдердин үй-бүлөсүнө таандык.”
– Биздин эс алуу борбор тууралуу айтылып провокациялык маалыматтар чыгууда. Анын баары жалган. “Гавайи” баштагыдай эле Абдуллаевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Эч ким тартып алган жок. Компетенттүү органдардан бизнесмендерди ушундай жалган маалыматтардан коргоону суранам.
Булак: Факты.kg