Түштүк Судан менен Уганданын чек арасында куралдуу кагылышуулар башталып, анын кесепетинен жок дегенде беш түштүксудандык жана бир угандалык аскер набыт болду.
«Уганданын армиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, Түштүк Судандын Коргоо күчтөрүнүн жоокерлери чек араны мыйзамсыз өтүп, аймактан чыгып кетүүдөн баш тартышкан. Бул куралдуу жаңжалга алып келип, натыйжада беш түштүксудандык жана жок дегенде бир угандалык аскер каза болгон», — деп маалымдашты батыштык басылмалар шаршемби күнү.
Түштүк Судандын армиясы кагылышууну тастыктады, бирок каза болгондордун так саны тууралуу маалымат бере элек.
Уганда узак жылдар бою Түштүк Судандын президенти Сальваторе Киирге лоялдуу күчтөрдү колдоп келген. Ал өлкөнүн 2011-жылы көз карандысыздыкка жетишине жана андан кийинки жарандык согуш маалында жардам көрсөткөн.
Быйыл март айында Түштүк Судан коопсуздук кырдаалы начарлап кеткен соң, Уганданын армиясын өлкө борбору Жуба шаарына коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүүгө чакырган. Анда президент Киир менен биринчи вице-президент Риек Мачардын ортосунда чыңалуу күчөгөн болчу.













