Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Армия менен спецназдын тиреши. Суданда кырдаал курчуп, өлгөндөрдүн саны 420га жетти

  • Дүйнө
  • 25.04.2023 12:05

Loading

15-апрелден бери Судан Республикасында армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн (спецназ) ортосундагы   куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Анын кесепетинен көп сандаган жай тургундар каза болуп, чет өлкөлүктөр массалык түрдө эвакуацияланып, кырдаал курчуп бара жатат.

Бүгүнкү күндө тараптардын кагылышуусунда каза болгондордун саны 420 жетип, 3700 киши жаракат алды. Мындай маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келтирди.

Тема боюнча

ДСУ: Суданда холеранын жайылышына байланыштуу кырдаал начарлоодо

ДСУ: Суданда холеранын жайылышына байланыштуу кырдаал начарлоодо

11.07.2026

Ал эми Судандын Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, кагылышуулардан каза болгондордун саны 600гө жетти.

Тез жардам унаалары менен медициналык мекемелерге кол салуулар күчөгөндүктөн, дарыгерлер жарадарларга жете албай жатышат. 20дай оорукана иштебей турат, дагы 12 оорукана дары-дармектердин жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам жабылуу коркунучунда турат.

Армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхандын аскерлери менен анын орун басары Мухаммед Хамдан Дагало (Хамидти) башында турган тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы салгылашуу 15-апрелде башталган. Ага тез аракеттенүүчү күчтөрдү таратуу боюнча Аль-Бурхан кол койгон жарлык себеп болгон.

Бийлик тез аракеттенүүчү күчтөрдү козголоңчулар катары таанып, алар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.

Тез аракеттенүүчү күчтөр Орозо айт күнү эл аралык ортомчулук менен Судан армиясы менен элдешүүгө макул экенин жарыялашкан. Бирок макулдашуу жетишилбей, Хартумдагы аэропорттун жанында кагылышуулар уланган.

Судандын Тышкы иштер министрлиги республикадагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган өлкөлөргө ыраазычылык билдирди, бирок эл аралык кийлигишүүгө каршы экенин билдирди. Судандагы кагылышуу учурунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза болду. 22-апрелде Кыргызстандын жети жараны учурда Суданда экени белгилүү болду.

“Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет”, — деп билдирген КР ТИМи.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судандагы куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштап, ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон оолак болууну эскерткен. ТИМ элчилик Суданда жүргөн башка кыргызстандыктардын бар-жогун аныктап жатканын, маселе ТИМдин көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.

Армия менен спецназдын чыры

2019-жылы Суданда аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнүн президенти Омар аль-Башир камакка алынган. Президентти кулатууга кийин Судандын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болгон Абдель Фаттах аль-Бурхан жана жарым аскерлештирилген күчтөрдү – тез аракеттенүүчү күчтөрдү жетектеген Мухаммед Хамдан Дагало активдүү катышкан. Хамидти деген ат менен белгилүү болгон Мухамед Хамдан Дагало да ал-Баширдин тушунда жана андан кийин бийликте күчтүү позицияга ээ болгон.

Өлкөдөгү акыркы эки төңкөрүшкө эки тараптын тең күчтөрү катышкан.

Бирок кийин БУУнун ортомчулугу менен бийликти жарандык бийликке өткөрүп берүү жана шайлоо өткөрүү жараянын баштоого макул болушкан.

Аль-Бурхан Дагалонун колдоосу менен Судандын убактылуу бийлигин жетектеп, бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү даярдап жаткан.

2022-жылдын декабрында аль-Бурхан, Дагало жана демократияны жактаган “Эркиндик жана өзгөртүү күчтөрү” коалициясынын лидерлери келишимге жетишишкен, ага ылайык Судандын аскерлери бийликтен кетип, тез аракеттенүүчү күчтөр Куралдуу күчтөрдүн курамына кирмек. Акыркы макулдашууга апрелде кол коюлушу керек болчу, бирок армия менен спецназ тез аракеттенүүчү күчтөдү Куралдуу күчтөрдүн катарына киргизүү мөөнөтү боюнча пикир келишпестиктер болгон.

Жыйынтыгында 15-апрелде Судандын борбору Хартумда жана башка кээ бир шаарларда аскерлер менен спецназдын ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуулар болгон. Спецназдын командачылыгы армия күчтөрү борбордун түштүк четиндеги алардын базаларынын бирин алдын ала эскертпестен курчоого алышканын билдирген.

Ал эми армиянын командачылыгы өзүнүн аракеттерин спецназ армия менен эч кандай координацияланбастан бир нече жолу аракеттенгендиги менен түшүндүргөн. Тараптар бири-бирин төңкөрүш жасоо аракети үчүн айыпташкан.

БУУ: Чыр-чатактын кесепеттери катастрофалык болушу мүмкүн

24-апрелде батыш, араб жана азия өлкөлөрү Судандан миңдеген жарандарын эвакуациялоону тездешти, ал жерде БУУнун маалыматы боюнча, согушуп жаткан аскердик-саясий күчтөрдүн ортосундагы аскердик тирешүү курчуп кетүү коркунучу күчөп жатат.

Ички чыр-чатактын кесепеттери катастрофалык болушу мүмкүн деген БУУнун баш катчысынын сөзүн Reuters  агенттиги келтирди. БУУ дүйнөлүк державаларды Судандагы согушуп жаткан күчтөргө “максималдуу таасир”  көрсөтүүгө  – ок атышууну токтотууга жана тынчтыкты калыбына келтирүүгө чакырды.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 мамлекеттин өкүлдөрүн өлкөнү демократиялык өнүгүү жолуна кайтаруу үчүн Судан жаңжалынын катышуучуларына таасир этүүгө чакырды. Судандагы кризисти жөнгө салуу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүгүн, 25-апрелге белгиленген.

Акыркы күндөрү он миңдеген судандыктар Египет, Чад жана Түштүк Суданга качышты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Абдель Фаттах аль-Бурханкуралдуу кагылышууМохаммед Хамдан ДагалоСуданэвакуация
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«Кылмыш жасагандарды коркунуч коштойт»: Иран ТИМи Трамптын жашыруун эвакуациясына реакция кылды

«Кылмыш жасагандарды коркунуч коштойт»: Иран ТИМи Трамптын жашыруун эвакуациясына реакция кылды

18.08.2026
ДСУ: Суданда холеранын жайылышына байланыштуу кырдаал начарлоодо

ДСУ: Суданда холеранын жайылышына байланыштуу кырдаал начарлоодо

11.07.2026
Суданда 200 миң адам холера, кызамык жана азык-түлүк кризисинен улам коркунуч алдында

Суданда 200 миң адам холера, кызамык жана азык-түлүк кризисинен улам коркунуч алдында

06.07.2026
Казакстан Жакынкы Чыгыштан жарандарын эвакуациялоого 4 миллион доллар сарптады

Казакстан Жакынкы Чыгыштан жарандарын эвакуациялоого 4 миллион доллар сарптады

19.05.2026
Хантавирус катталган круиздик лайнеринен 90дон ашык адам эвакуацияланды

Хантавирус катталган круиздик лайнеринен 90дон ашык адам эвакуацияланды

11.05.2026
Кытай өз жарандарын Израилден тезинен чыгып кетүүгө чакырды

Кытай өз жарандарын Израилден тезинен чыгып кетүүгө чакырды

25.03.2026
Судан калкынын болжол менен 45 пайызы ачарчылыктын алдында турат

Судан калкынын болжол менен 45 пайызы ачарчылыктын алдында турат

28.11.2025
Судандын Дарфур аймагындагы жер көчкү 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды

Судандын Дарфур аймагындагы жер көчкү 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды

02.09.2025
Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 122 миңден ашуун адам эвакуацияланат. Видео

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 122 миңден ашуун адам эвакуацияланат. Видео

08.08.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.