Сеулдун соту прокурордун кооптонуусунан улам Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлду кайрадан камакка алууга ордер чыгарды.
Бул маалыматты Yonhap агенттигине шилтеме кылып INTERFAX.ru жазды.
“Сеулдун соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлду өлкөдө аскердик абал киргизүү аракети ишке ашпай калганына байланыштуу камакка алууга экинчи ордер чыгарды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, сот экс-президенттин “далилдерди жок кыла алат” деген кооптонуусунан улам аны камакка алууну талап кылган атайын прокурор Чо Ын Сеоктун өтүнүчүн канааттандырган.
Түштүк Кореянын мурдагы президенти биринчи жолу ушул жылдын январь айында камакка алынган. Кийинчерээк сот анын камоону алып салуу өтүнүчүн канааттандырып, март айында бошоткон.
2024-жылдын декабрында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал жарыялап, андан кийин өкмөт ага импичмент жарыялаган. Мындан улам мурдагы президент төңкөрүштү уюштурган деп айыпталып, январь айында камакка алынган.
Март айында Сеулдун соту Юн Сок Ёлду камактан бошотуп, бирок козголоң боюнча ишти кароону уланткан. Андан соң Конституциялык сот президенттин декабрда кабыл алган чечимин мыйзамсыз деп таап, ага импичмент жарыялаган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында бийлик алмашкандан кийин мурдагы администрациянын аракеттери боюнча масштабдуу иликтөө иштери башталган.
Түштүк Кореянын жаңы шайланган президенти Ли Чжэ Мён төңкөрүш аракетин гана эмес, башка мүмкүн болгон кыянаттыктарды, анын ичинде Ёлдун жана анын жубайынын жакын чөйрөсү тарабынан жасалган мыйзам бузууларды да иликтөө үчүн мыйзамдарга кол койгон.



















