Түштүк Кореянын Ыйсон уездинде, учурда токойдогу өрт жайылып жаткан аймакта тик учак кулап түштү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Алгачкы маалыматтар боюнча, тик учакта бир гана учкуч болгон. Ал каза тапты.
Шаршемби күнү Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Хан Док Су учурдагы токой өрттөрүн “өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт кырсыгы” деп атады. Жалпысынан 18 киши каза таап, 13ү жаракат алды, 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды.
Өрт менен күрөшүүгө 128 тик учак, 1,1 миңден ашык аскер кызматкери, 3,1 миңдей өрт өчүрүүчү жана 4,6 миң мамлекеттик кызматкер тартылды. Бийлик токой өрттөрүнүн чыгышына отко этиятсыз мамиле себеп болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

















