29-декабрда Түштүк Кореянын түштүк-батышындагы Муан округунун аэропортуна 181 кишини ташыган жүргүнчү учагы жерге конуп жатып жарылып кетип, 179 адам каза болду. Алардын ичинен экөө куткарылган.
Бул маалыматты Түштүк Кореянын расмий бийлиги тастыктаганын Yonhap агенттиги жазды.
Аталган агенттик кабарлагандай, кырсык эртең менен саат 9дар чамасында 175 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсүн ташыган Jeju Air учагы Сеулдан 288 чакырымдай түштүк-батышта жайгашкан Түштүк Чолла провинциясынын Муан округундагы Муан эл аралык аэропортуна конуп жатып, учуу тилкесинен чыгып кеткенде болгон.
Учак жерди бойлой тайгаланып, бетон дубалга урунгандан кийин жарылып, күйүп кеткен.
Кечки саат тогуздан кийин эле бийлик кырсыктан 179 адам каза болгонун тастыктап, эки экипаж мүчөсү куткарылганын билдирди. Куткарылгандарга аэропорттун жанындагы ооруканаларда биринчи жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин Сеул ооруканасына жеткирилген.
Кырсык учурунда алгачкы жардамга келген өрт өчүрүү агенттигинин кызматкерлеринин бири “Учак дубал менен кагылышкандан кийин жүргүнчүлөр учактан ыргытылган. Аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн”, – деп билдирип, учак дээрлик толугу менен талкаланганын жана маркумдардын аты-жөнүн аныктоо кыйын болгондугун билдирген.
Бангкоктон түнкү саат 1:30да учуп кеткен Boeing 737-800 учагындагы жүргүнчүлөр Муанга таңкы саат 8:30 чамасында келмек болгон. Алардын экөөсү таиланддык жарандар, калгандары баары кореялыктар экендиги белгилүү болду.
Жүргүнчүлөрдүн 82си эркек, 93ү аял жана алардын ичинде 3 жаштан 78 жашка чейинкилер болгон. Көпчүлүгү 40, 50 жана 60 жаштагы адамдар экендигин айтылды.
Маалыматка караганда, каза болгондордун сөөгүн коюу үчүн Муан аэропортунун ичине убактылуу өлүккана орнотулган.
Расмий бийлик кырсыкка канаттуулардын урулуусунан улам шассинин бузулушу себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп, окуянын так себебин аныктоо үчүн жеринде иликтөө иштери башталды. Мунун так себебин аныктоо үчүн бир нече ай талап кылынарына карбай учактын сыныктарынан учуу маалыматтарындагы үн жазгыч менен кабинадагы үн жазгычты да алып чыгышты.
Аэропорттун диспетчер мунарасы 8:54тө куштардын кагылышы тууралуу эскерткенин, учкуч саат 8:59да байланышканы жана ошол эле учурда учак саат 9:03тө кондуруу шассилерин орнотпостон конгону боюнча маалыматтар чыкты.
Кырсык болгондон көп өтпөй Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чой Санг-мок (Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп отурган – ред.) учак кыйраган жерге барган. Ал ошол эле замат Муан округун өзгөчө кырсык зонасы деп жарыялап, расмийлерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону тапшырды.
Чой ошондой эле каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кайгыруу менен көңүл айтып, аларга мамлекет тарабынан колдон келген жардамды көрсөтүүгө убада берди жана жекшембиден баштап жети күндүк улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.
Ал эми Jeju Air компаниясынын башкы директору Ким Е-бэ кечирим сурап, жакындарын жоготкон үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтып, “Кандай болбосун, мен башкы директор катары толук жоопкерчиликти алам” – деген.
Ошол эле учурда Jeju Air компаниясы 1 миллиард долларлык камсыздандыруу планына таянып, аман калгандарга бардык тараптан жардам берүүнү убадалаган.
Маалымат иретинде:
2024-жылдын 29-декабрдагы бул каргашалуу кырсык өлкө тарыхындагы ири кайгылуу окуялардын бири болуп,авиакырсыктардын ичинен адам өлүмү боюнча үчүнчү орунда болуп калды. 179 адам каза болгону жарыяланды.
1983-жылы советтик истребител Орусиянын аба мейкиндигине кирип кеткен Кореянын учагын атып түшүрүп, бортундагы 269 кишинин баары каза болгон.
1997-жылы Korean Air авиакомпаниясынын учагы Гуам аралында кулап, 225 киши каза болгон.



















