Түштүк Африкада 21-сентябрда күтүүсүз жааган кардан улам бир нече жолдордо унаа кыймылы толугу менен токтоп калган. Бул тууралуу France 24 телеканалы билдирди.
Йоханнесбург менен чыгыш жээктеги Дурбан шаарын байланыштырган N3 автожолу өзгөчө жабыркаган. Айдоочулар түндү унааларында өткөрүштү.
Квазулу-Натал провинциясынын өкмөтү билдирүү жасап, айрым айдоочуларга жууркан жана тамак-аш жеткирилгенин билдирди.
Жол кыймылын башкаруу корпорациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Саймон Зване Франс Пресс агенттигине жүк ташуучу унаалар жума күндөн бери жолдун жээгинде токтоп турганын айтты.
«Провинциялар ортосунда каттамда жүргөн автобустар май куюучу жайларда жети сааттай тыгылып турду», – деди ал.
Түштүк Африканын Аба ырайы кызматынын синоптиги Лутандо Масимини муну “экстремалдуу окуя” деп сыпаттады жана жакынкы сааттарда кар көбүрөөк жаай турганын эскертти.
Былтыр жайында Түштүк Африкада 10 жылдан бери биринчи жолу кар жааган. Ал кезде жааган кар эч кандай олуттуу көйгөй жараткан эмес.



















