Кечээ, 11-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында аталган комитеттин райондук бөлүмүнүн имаратын ачты. Анын жүрүшүндө УКМК башчысы мыйзам бузган саясатчыларга кайрылды.
Анын айтымында, өлкө 30 жылдан бери бир гана саясат менен жүрөт, үч жолу төңкөрүш болду, бирөө бийликке келди, бирөө камалды, бирөө бошотулду, бирок элдин турмушу оңолуп, жыргап кеткен жок.
Ал буга өлкөнүн мурунку жетекчилери саясат менен алектенгенден башка эч нерсе кылган эместиги себепчи болгонун айтты.
“Алар жердеш-жердеш, клан-клан болуп бөлүнүп, өз ара чабышып жүрүшкөн. Кыргызстанды эч ким ойлогон эмес. Эми мамлекетибизди күчтүү кыла турган убакыт келди. Кыргыз деген улуу атты сактап, кийинки муунга өткөрүп бериш биздин колубузда”, – деген Ташиев.
Ал мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек деген.
“Талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбей, бирок тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талап-тоноп алып мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар”, — деген Ташиев.
Мыендан тышкары, УКМК башчысы түрмөдө отурган бир катар саясатчылардын абак шартына нааразы болгонуна да комментарий берген.
“Алардын кээ бирлери “түрмөдө бизди катуу кармап жатышат, катаал шарттары коюп жатат” дешүүдө. Түрмө аларга мамлекеттен менчиктештирип алган өздөрүнүн пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө. Ал мыйзам бузгандарды ордуна алып келип тарбиялаш үчүн курулган. Ага чыдабайбы, анда мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шарттарына макул эмесби, анда мамлекетибиздин тынчтыгына залал келтирбесин”, – деген Ташиев.