Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстанга сапар менен келди.
Мередов тышкы ведомствонун делегациясын жетектеп келгенин КР тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Конокту жана аны коштогон делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.

Cапардын алкагында Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле өлкө президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусу пландаштырылган.
Анын алкагында кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.




















