Бүгүн, 29-июнда Түркмөнстандын экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө анын урматына Аркадаг деп аталган жаңы шаардын салтанатуу ачылышы болду.
Иш-чарага өлкө президенти Сердар Бердымухамедов баштаган өлкөнүн жетекчилик корпусу жана чет элдик коноктор катышууда.
Майрамдык салтанат “Ахан” монументинин ачылышы менен башталды.
Монументте Гурбангулы Бердымухамедовдун ахалтекин тукумундагы легендарлуу “Акхан” аттуу тулпарынын образы чагылдырылган. Аргымак Гиннестин рекорддор китебине кирген дүйнөлүк рекордчу болуп саналат.
Андан соң салтанат Аркадаг шаарынын башкы аянтында уланып, Түркмөнстандын мамлекеттик гимнинин коштоосунда республиканын мамлекеттик желеги көтөрүлдү.
Аркадаг шаары өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулуп-өскөн айылдан алыс эмес жерге салынды. Шаардын курулушунун биринчи этабына 3,3 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган.
Шаардагы заманбап 336 имараттын ичинде эки жана көп кабаттуу ыңгайлуу турак-жайлар, коомдук, билим берүү, медициналык, маданият, спорт жана башка объектилер бар. Расмий маалыматтар боюнча, бул объекттердин баары экологиялык таза материалдардан курулуп, санариптик технологиялар менен жабдылган.
Жаңы шаарда Аркадаг шаарынын мамлекеттик архиви, ошондой эле ушундай эле аталыштагы телеканал, гезит жана футбол клубу түзүлгөн.
Аркадаг түркмөн тилинен которгондо “колдоочу” дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын азыркы төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.
Белгилей кетсек, шаар курулушунун 2023-жылдан 2026-жылга чейин улана турган экинчи этабынын алкагында азык-түлүк, өнөр жай, фармацевтика жана медициналык продукцияларды өндүрүлө турган тейлөө жана өндүрүш объекттери курулат.
“Акылдуу шаар” концепциясынын негизинде курулган Аркадаг шаарында 70 миңдей үй-бүлө жашайт деп болжолдонууда.
Жарандар экологиялык жактан таза шаардык транспортторду – электробустарды жана электромобилдерди, ошондой эле акылдуу паркинг, күн батареялары, шамал генераторлорун жана башка экологиялык жана санариптик артыкчылыктарды колдонушат.

























