Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2026-жылдын январь-июнь айларында 4 млрд 821 млн 969 миң долларды түздү. Бул тууралуу «Түркмөнстан бизнеси» маалымат каражаты Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына таянуу менен билдирди.
2026-жылдын июнь айынын өзүндө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 890 млн 262 миң долларды түзгөн.
Товар жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү Түркмөнстандын экспортуна туура келген. Январь-июнь айларында Түркмөнстан Кытайга 4 млрд 44 млн 409 миң долларлык продукция экспорттогон. Ошол эле мезгилде Түркмөнстан Кытайдан 777 млн 559 миң долларлык товар импорттогон.
2025-жылдын январь-декабрь айларында Түркмөнстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү 10 млрд 46 млн 52 миң долларды түзгөн.
Кытай узак мөөнөттүү келишимдердин негизинде туруктуу суроо-талап сакталып тургандыктан, газ экспорту боюнча эң ири рынок бойдон калат.
2026-жылдын апрель айында Түркмөнстандагы ири Галкыныш газ кенин өздөштүрүүнүн төртүнчү этабынын алкагында курулуш иштери башталган.


















