Түркмөнстан катуу жер титирөөдөн жабыркаган Афганистанга гуманитардык жардам берди.
Бул чечим түркмөн элинин улуттук лидери, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун көрсөтмөсү боюнча кабыл алынганын Asmannews агенттиги жазды.
“Гуманитардык жардамдын курамында дары-дармектер, азык-түлүк жана текстиль буюмдары болгон. Жүк мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана Түркмөнстандагы Афганистандын убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда уюштурулган”,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде аталган өлкөнүн түндүгүндөгү Балх жана Саманган провинцияларынын кошулган жеринде 6,3 баллдык жер титирөө болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 27 адам каза болуп, 956 адам жаракат алган.
Эң чоң зыян Мазари-Шарифке жакын аймактарда болгон. Жер титирөөдөн ондогон имараттар урап, бир нече үйлөрдүн фасаддары жарака кеткен.
Жер титирөөнүн күчү Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда жана Пакистанга да сезилген.



















