Түркиянын «Anka» учкучсуз учуучу аппаратынын учуу сыноолору Казакстандын Жамбыл облусунда өтүп жатат, үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта ал тажрыйбалуу аскердик эксплуатацияга өтөт.
Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин «Сарбаз» басылмасы жазганын Sputnik Казакстан жазды.
Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдык жана аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча окуу борборунун жетекчиси Шохан Мусабеков дрондорду сыноо учурунда анын бардык системаларынын абалы текшерилерин айтып, комплекстин тажрыйбалуу аскердик эксплуатациясы 2023-жылдын августуна пландалып, 2024-жылдын март айынын ортосуна чейин созуларын билдирди.
Сыноо ийгиликтүү өтсө, «Anka» учкучсуз комплекси Казакстандын армиясына кабыл алынат.
10-майда Анкарада Kazakhstan Engineering жана Turkish Aerospace ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Келишимге ылайык, Казакстанда сокку уруучу дрондорду чогултуу жана тейлөө боюнча линия уюштурулат. Муну менен Казакстан «Anka» учкучсуз учактарын чыгара турган биринчи чет өлкө болот.
Anka — 2013-жылы Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы тарабынан Түрк куралдуу күчтөрү үчүн иштелип чыккан учкучсуз учуучу аппарат. Ал согуштук шарттарда сыналган, максималдуу учуу салмагы 1700 кг жана 350 кг чейинки пайдалуу жүктү көтөрө алат. Ал 9000 метрге чейинки максималдуу бийиктикте 30 саатка чейин учуп жүрө алат.