Түрк бийликтери Telegramга мессенжер өлкөдө мыйзамсыз маалыматы бар каналдарды жабуу өтүнүчтөрүнө жооп болбогондуктан бөгөттөлүшү мүмкүн экенин эскертти, деп жазат Takvim.
Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар башкармалыгы коомдук доменде баңгизат сатылган, секс кызматтары сунушталган, кумар оюндары жана балдар порнографиясы камтылган мазмун таратылган каналдарды жана топторду жабуу боюнча Telegram башкы кеңсесине 1000ден ашуун эскертүү жөнөткөн.
Буга чейин Түркия Instagram тиркемесин бөгөттөп жатканын билдирген. 10-августта платформанын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жана бардык шарттарды аткарууга убада бергенден кийин бул социалдык тармакты колдонууга уруксат берилген.


















